Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Базар-Коргон автобекетинин жанында 90 жаштагы карыяны сабап кетишкен
23.07.2020 | 17:36
9-июль күнү саат 16:00 чамасында Базар-Коргон районундагы автобекеттин жанында 1931-жылы туулган эркек киши сабалган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
10-июлда милиция кызматкерлери бул фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки тергөө ишин башташкан.
Керектүү экспертизалар дайындалды.
“Бүгүнкү күндө кылмышка шектүүлөр аныкталды, тергөө тобу аларды издеп жатат”, – деп билдиришти маалымат бөлүмүнөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар