Кыргызстандын курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалда 7:2 эсебинде жеңишке жеттиКыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда 12:0 эсебинде жеңүүчү болдуУлуттук банктын башчысы Кыргызстанда санарип сом кантип киргизилип жатканын айтып бердиЫңгайлуу жылуу аба ырайы жана жаан-чачынсыз: 6-сентябрга карата аба ырайыКөк бөрү боюнча финалдар жана көчөлөрдүн жабылышы: Бишкекте 6-сентябрга карата иш-чаралардын тартибиКөк бөрү боюнча финалдар жана Көчмөндөр оюндарынын жабылышы: Кыргызстан боюнча фан-аймактардын даректери
Базар-Коргон автобекетинин жанында 90 жаштагы карыяны сабап кетишкен
23.07.2020 | 17:36
9-июль күнү саат 16:00 чамасында Базар-Коргон районундагы автобекеттин жанында 1931-жылы туулган эркек киши сабалган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
10-июлда милиция кызматкерлери бул фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки тергөө ишин башташкан.
Керектүү экспертизалар дайындалды.
“Бүгүнкү күндө кылмышка шектүүлөр аныкталды, тергөө тобу аларды издеп жатат”, – деп билдиришти маалымат бөлүмүнөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар