УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Курман айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
28.07.2020 | 13:59
31-июль күнү Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) билдирди.
Мындай чечим коронавирус илдетинин жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен кабыл алынган.
“Туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл пандемиядан улам Айт намазы Ала-Тоо аянтында жана мечиттерде жамаат менен окулган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом