Кыргыз Премьер Лигасы 7-августта жанданат

04.08.2020 | 16:53

Кыргыз премьер лигасы 7-августта жанданат.  Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ишмердүүлүктү баскычтуу кайра жандандыруу боюнча өкмөттүн жарлыгына ылайык,  өлкөдө футбол чемпионатын 7-августта жандандыруу чечимин кабыл алган.

Турнир 2 айлампа менен өтөт. Чемпиондук борборлоштурулган таризде жүргузүлүп, бардык оюндар Кант шаарында орун алат.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт.

Scroll to Top