АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы каза болгон кыргызстандык машыктыруучусунун үй-бүлөсүнөн кабар алдыКанттагы Жаштар аллеясында беш метрлик «Тоос» жана «Комуз» пайда болдуСловениянын RIKO компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууну караштыруудаКыргызстанда сентябрдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйөтСалмак категориялары жана упайлар жок: Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө жеңүүчү кантип аныкталат?Үйдөн бир метр аралыктагы курулуш: шаар тургунунун даттануусуна Ош мэриясы эмне деп жооп берди
Кыргыз Премьер Лигасы 7-августта жанданат
04.08.2020 | 16:53
Кыргыз премьер лигасы 7-августта жанданат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ишмердүүлүктү баскычтуу кайра жандандыруу боюнча өкмөттүн жарлыгына ылайык, өлкөдө футбол чемпионатын 7-августта жандандыруу чечимин кабыл алган.
Турнир 2 айлампа менен өтөт. Чемпиондук борборлоштурулган таризде жүргузүлүп, бардык оюндар Кант шаарында орун алат.
Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом