ЕӨБ Кыргызстандын энергетика тармагындагы жаңы инвестициялар тууралуу айтып бердиКыргызстанда жол жээктерине мөмөлүү бактарды отургузуу боюнча долбоор башталатОшто Алымбек датка менен Курманжан даткага жаңы күмбөз тургузулдуЖалал-Абад облусунда 11,7 млн долларга гипсокартон заводу ачылдыКореяда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарга 90 күн ичинде өлкөдөн ыктыярдуу түрдө чыгуу мүмкүнчүлүгү берилдиНовопавловкада айдоочу аялды унаанын эшигине кыпчып сүйрөп кеткен
Чек арачы 4 жашар кызды кырсыктан сактап калды
20.08.2020 | 09:36
Шамалды-Сай шаарчасында чек арачы кичине кызды кырсыктан сактап калды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Окуя 18-август күнү болгон. Анда Шамалды-Сай шаарчасында балдар ойноочу короодо турникке байланган жипке асылып калган кызды 2027 аскер бөлүгүнүн кызматкери Калысбек Эмилбеков сактап калган. Ал дем жетпей бараткан наристени жиптен чыгарып, эсине келе түшкөндө аянттагы кыз-келиндерге өткөрүп берген.
Куткарылган Аяна аттуу төрт жаштагы кыздын апасы 19-августта чек арачы Калысбек Эмилбековго ыраазычылыгын билдирип, Шамалды-Сай айылдык кеңеши чек арачыга сыйлык ыйгарды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом