Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттик шайлоого «Социал-демократтар» партиясынан катышкан Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын карап, тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Ал 9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында болгон митинг убагындагы жаңжалга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган.
Султанбеков менен бирге мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдары, Сейд жана Кадыр Атамбаевдер дагы кармалып, тергөөдө көрсөтмө берген соң үйлөрүнө кое берилген.