Бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогору Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө.
Анда бүгүн отставкага кеткен Өткүрбек Жамшитовдун ордуна — башкы прокурорлукка Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралды. Анын жыйынтыгы менен депутаттардын көпчүлүгү, 84 депутат колдоп 1 депутат каршы добуш берген.
Курманкул Зулушевди башкы прокурорлукка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуштаган.