Дастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндү
Финпол: Кытайга 180 миллион доллар чыгарып кеткен адам кармалды
02.11.2020 | 11:41
Кыргызстандан Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кетти делген жаран кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, миллиондогон долларларлар товар сатып алуу деген негиз менен өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган.
Анын алкагында мамлекеттик бюджетине 1,1 миллиард сом салык катары түшпөй калган. Бул коррупциялык схемага шектүү катары А.У. аттуу адам кармалып, №1 тергөө абагына камалган. Учурда бул кылмыш ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар