Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Финпол: Кытайга 180 миллион доллар чыгарып кеткен адам кармалды
02.11.2020 | 11:41
Кыргызстандан Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кетти делген жаран кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, миллиондогон долларларлар товар сатып алуу деген негиз менен өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган.
Анын алкагында мамлекеттик бюджетине 1,1 миллиард сом салык катары түшпөй калган. Бул коррупциялык схемага шектүү катары А.У. аттуу адам кармалып, №1 тергөө абагына камалган. Учурда бул кылмыш ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар