Ноокенде электриктер жыгач мамычаларды бетон мамычаларга алмаштырышты

Ноокенде электриктер жыгач мамычаларды бетон мамычаларга алмаштырышты

Ноокен районун Кара-Булак айылындагы эскилиги жеткен жыгач мамычалар жаңы бетон мамычаларга алмаштырылды.

«Жалалабатэлектро» ишканасынан билдиришкендей, аталган иштер күз-кыш мезгилине карата пландалган жумуштардын негизинде жасалууда.

Негизинен Кара-Булак айылында 10 кВ чыңалуудагы 14 даана мамыча жаңыланып, 600 метр электр зымы кайрадан калыбына келтирилди. 10 кВ Сары-Куш аба чубалгысы 1973-жылдары курулган.

Жыл башынан бери бул райондо  10 кВ 118даана , 0,4 кВ 220 даана жалпы 338 даана эски мамычалар жаңыланды.

Жалпысынан «Жалалабатэлектро» 3 000 даана электр мамычаларын жаңылады.

Белгилей кестек, Ноокен райондук электр тармактары ишканасынын 240 абоненти бар.
[su_image_carousel source=»media: 46621,46620,46619,46618,46616″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>