Тилемчиликтин жаңы түрү. Эмне үчүн мамлекет башчыларынан үй сурагандар көбөйдү?Казакстанда чет өлкөлүктөрдү реалдуу убакытта көзөмөлдөө системасы иштелип чыгуудаӨзгөн РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалдыGPS жана видеокамера менен жабдылган. ЖКККББга жаңы автоунаалар тапшырылдыСабап, байлап, акчасын тартып алышкан. Бишкекте каракчылык окуясы болдуКечээ гана ачылган Лев Толстой көчөсүн суу каптады: Мэрия түшүндүрмө берди
Пара алып турган! ИИМдин медицина башкармалыгынын башчысы кармалды
03.11.2020 | 11:48
Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын башчысы, аскердик-медицина комиссиянын төрагасы полковник Жыргалбек Жакыпов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган адам ИИМде кызмат өтөмөкчү болгон талапкерлердин ден соолугунун абалы талапка жооп бербесе дагы медициналык корутундусун оң жака чечип берүү үчүн пара алып турган.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарЖазык кодексинин 325-беренеси (“Пара алуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жакыпов УКМК тергөө камак жайынына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар