Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Садыр Жапаров 230 адамды абактан бошотту
20.11.2020 | 10:39
Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан 230 адамга ырайым берилди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда кол койгон.
Мындан башка жазасын өтөп жаткан 38 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондорго ырайым кылуу боюнча 1800дөн ашуун кайрылууну президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгына жөнөткөн.
Белгилей кестек, ырайым кылуу жөнүндө арыздар, эреже катары, соттун чечими күчүнө киргенден кийин соттолгондордун жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде каралат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом