Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыСи Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
COVID-19: Акыркы суткада 386 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду
20.11.2020 | 10:32
Акыркы суткада 386 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 119, Ош – 2, Чүй облусу – 118, Ош облусу – 30, Талас облусу – 17, Нарын облусу – 11, Ысык-Көл облусу – 55, Жалал-Абад облусу – 7, Баткен облусу – 27.
Бүгүнкү күнгө чейин коронавирус жалпы 68 миң 702 адамдан аныкталды, анын 59 миң 789у сакайды.
Ал эми соңку суткада 6 киши вирустан каза болду. Эң көбү Бишкек 4, Нарын менен Ош облустарында бирден адам көз жумду. Буга чейин илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 223гө жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом