Чүйдө жол кырсыгында көз жумган 6 адам Нарын шаарынын тургундары болгон — видео

Чүйдө жол кырсыгында көз жумган 6 адам Нарын шаарынын тургундары болгон — видео

Чүйдө жол кырсыгында көз жумган 6 адам Нарын шаарынын тургундары болгон. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. 

Жол кырсыгынан көз жумган адамдар:

1) 15 жаштагы А.Э. аттуу кыз;

2) 20 жаштагы М.А. аттуу аял;

3) 73 жаштагы О.Р. аттуу аял;

4) Бир жашка чыга элек Д.Т. аттуу наристе:

5) 55 жаштагы К.Н. аттуу аял;

6) 13 жашар К.К. аттуу бала;

Мындан сырткары 3 адам, 26 жаштагы С.Р. (айдоочу) 8 жашар Т.К. аттуу кыз жана 19 жаштагы Ж.А. аттуу жигит жаракат алган.

Белгилей кетсек, 18-ноябрда Кант шаарына жакын жердеги айланма жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталган.  Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа КамАЗ менен кагышып, алгач үч адам көз жумагын тууралуу милиция кабарлаган. Кийин маалымат толукталып, жалпы адам көз жумганы айтылган. 

Жол кырсыгынын интернетке чыккан видеосуна караганда минивэн алгач КамАЗ менен кагышып, кийин жолду бөлүп турган тосмого урунган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>