Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Кара-Суу районунун акимдигине 2 талапкер сунушталды
24.11.2020 | 18:12
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдраимов Кара-Суу районунун акимдигине Мурадин Тешебаев жана Нурлан Абдраевдин талапкерлигин сунуштоодо. Бул тууралуу өкмөт өкүлүнүн ЖМКлар менен болгон жыйынында белгилүү болду.
Ал эки талапкер мурда акимчиликте иштегенин, жана Кыргызстандын эң чоң районунун башкарып кете алат деген ишенимин билдирген.
“Менде принцип бар, кайсы бир жерде өсүп келе жаткан баланы гана сунуш кыла алам. Көчөдөн же башка жактан келгендерди сунуш кыла албайм. Андайга өзүмдүн ичимден да каршы турам. Себеби билбей туруп барыш кыйын, өздөштүрүш кыйын, убакыт көп кетет”, – деди Абдраимов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат