УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Коронавирус дагы 297 кыргызстандыктан табылды
13.12.2020 | 12:28
Бир күндө 297 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Илдет табылгандардын көпчүлүгү Бишкектин тургундары.
“Бишкек шаарында 93, кишиден, Ош шаарында 9, Чүй облусунда 66, Ош облусунда 16, Талас облусунда 9, Нарын облусунда 5 , Ысык-Көл облусунда 57, Жалал-Абад облусунда 25, Баткен облусунда 17 адамдан коронавирус илдети аныкталды”, – деп билдиришти штабдан.
Ошондой эле соңку суткада 398 адам илдеттен сакайып, үйлөрүнө чыккан.
Муну менен Кыргызстанда аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны 77356га жетти. Анын ичинен 70192си сакайган.
Соңку суткада коронавирус илдетинен Кыргызстанда каза тапкандар болгон жок.
Пандемия башталгандан бери 1307 кыргызстандык көз жумду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом