Кара-Балта шаарынын вице-мэри коррупцияга шектелип кармалды«100 сомдук маалымкат 500 сом болуп калды» — Бекешев мамлекеттик кызматтардын кымбатташын сынга алдыКүзгө чейин жүк ташуучу унаалардын күндүзгү убакта жүрүүсүнө чектөө киргизилдиТүндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолу ноябрга чейин ачылды, бирок айрым чектөөлөр барБелгилүү россиялык актёр Дмитрий Лысенков: «Кыргызстандын жаратылышы — бул керемет!»Аскерге чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү санариптештирилди
Коронавирус дагы 297 кыргызстандыктан табылды
13.12.2020 | 12:28
Эксклюзив
Бишкектен ички каттамдар боюнча гид: борбор калаадан бир саатта учуп барып, эмнелерди көрүүгө болот?
Бир күндө 297 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Илдет табылгандардын көпчүлүгү Бишкектин тургундары.
“Бишкек шаарында 93, кишиден, Ош шаарында 9, Чүй облусунда 66, Ош облусунда 16, Талас облусунда 9, Нарын облусунда 5 , Ысык-Көл облусунда 57, Жалал-Абад облусунда 25, Баткен облусунда 17 адамдан коронавирус илдети аныкталды”, – деп билдиришти штабдан.
Ошондой эле соңку суткада 398 адам илдеттен сакайып, үйлөрүнө чыккан.
Муну менен Кыргызстанда аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны 77356га жетти. Анын ичинен 70192си сакайган.
Соңку суткада коронавирус илдетинен Кыргызстанда каза тапкандар болгон жок.
Пандемия башталгандан бери 1307 кыргызстандык көз жумду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом