Новопокровкадагы трагедия: жарылуудан заводдун эки кызматкери каза болдуРоссия блогер Илья Варламовду “террористтер жана экстремисттер” тизмесине киргизгени айтылуудаБишкектин Чүй проспектисинде жети күнгө ысык суу өчүрүлөтМамлекеттик мекеменин мурдагы жетекчиси 26,8 млн сом зыян келтирди деп кармалдыЖол эрежесин бузгандар жоопко тартылат — Бишкекте “Рулда” рейди өтүүдөКөмүрдү белгиленген баадан жогору саткан айдоочулар Кара-Кеченин “кара тизмесине” киргизилет
Эттин баасы кайрадан кымбаттоодо
29.12.2020 | 16:13
Кыргызстанда малдын экспорттолушуна тыюу салынгандыгына карабастан, эттин кымбатташы кайрадан байкалууда. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинин башчысы Тилек Токтогазиев билдирди.
Министрдин айтымында, акыркы айларда эттин баасы килограммына 280 сомдон 400 сомго чейин көтөрүлдү.
«Өздүк наркы 360 сомго түштү. Эми дагы, эт баалары 370-380 сомго чейин көтөрүлүп жатат. Мен дүң бааларды жарыялап жатам. Азыр биз продукциянын баасынын кымбатташынын себебин изилдеп жатабыз», – деди ал.
Анын айтымында, тирүү малга көз салуу механизми киргизилип жатат. Ал эми аны экспорттоого тыюу салынгандыгын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика