«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Эттин баасы кайрадан кымбаттоодо
29.12.2020 | 16:13
Кыргызстанда малдын экспорттолушуна тыюу салынгандыгына карабастан, эттин кымбатташы кайрадан байкалууда. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинин башчысы Тилек Токтогазиев билдирди.
Министрдин айтымында, акыркы айларда эттин баасы килограммына 280 сомдон 400 сомго чейин көтөрүлдү.
«Өздүк наркы 360 сомго түштү. Эми дагы, эт баалары 370-380 сомго чейин көтөрүлүп жатат. Мен дүң бааларды жарыялап жатам. Азыр биз продукциянын баасынын кымбатташынын себебин изилдеп жатабыз», – деди ал.
Анын айтымында, тирүү малга көз салуу механизми киргизилип жатат. Ал эми аны экспорттоого тыюу салынгандыгын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика