Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Токтогул районун 21 жаштагы эки тургунуна 22 жаштагы Б.К. аттуу жигит кол салып ар кандай жаракаттарды келтирген. Биринин далысына бычак менен сайса, экинчисин тапанча менен бутка аткан. 

Бул факты боюнча иш ачылып, шектүүгө издөө жарыяланган.

Ошондой эле айыпталуучунун кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМде катталганы белгилүү болгон.

Мындан сырткары,  анын баңгизат ташыган фактыларга да тиешеси бар экендиги аныкталган. 

Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Бишкек шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.   

[su_image_carousel source=»media: 53032,53033″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>