Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Кара-Балтада сулуулук салондун атын жамынган кумар оюн клубу табылды – видео
21.01.2021 | 10:48
Жайыл жана Панфилов райондорундагы Каржы полициясы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда жер астындагы кумар оюндарын уюштурууну аныктап, бөгөт койгон. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Кара-Балта шаарында ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Карлав-Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Лаванда” сулуулук салонун жамынып алып, онлайн кумар оюндары ойногон жер астындагы кумар клубу табылды.
Тинтүү учурунда атайын программалык камсыздоо менен компьютердик жабдыктар орнотулган, ал жерде кардарлар (оюнчулар) болгон.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш катталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар