«Манас» аэропортунун дирекциясынын мурдагы башчысы Белеков кармалды

«Манас» аэропортунун дирекциясынын мурдагы башчысы Белеков кармалды

«Манас» аэропортунун дирекциясынын мурдагы башчысы Нурсултан Белеков кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт прокуратурасы «Манас» эл аралык аэропортунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз коррупциялык схемасын аныктады. Бул адамдар чет элдик Gata Airlines авиакомпаниясына эл аралык каттамдарда жана жүк ташууда жеңилдиктерди бергендиги маалымдалды.

Компания тарабынан берилген мыйзамсыз жөлөкпулдардын натыйжасында 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейин мамлекетке 12 миллион доллар же 893 миллион сом зыян келтирилген.

Бул ишке «Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин мурунку төрагасы Албек Ибраимов, аэропорттун мурдагы президенти Эмир Чукуев жана башкалардын тиешеси бар экендиги боюнча тергөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>