Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов бүгүн, 18-февралда кармалган. Ал кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.
«Райымбек Матраимов УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт», — деп айтылат маалыматта.