Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
УКМК: Райымбек Матраимов кайрадан кармалды
18.02.2021 | 19:42
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов бүгүн, 18-февралда кармалган. Ал кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.
“Райымбек Матраимов УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар