Кыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына бардыБашка бирөөнүн жерин саткан. Чүй милициясы алдамчылыкка шектүүнү кармадыБишкекте үч саатта жол эрежесин бузган айдоочуларга 465 миң сом айып салындыКыргызстан Африкага биринчи жолу элчи дайындады
Аксыдагы уулануу боюнча 11 адам ооруканада жатат
05.03.2021 | 11:49
Аксыдагы уулануу боюнча 11 адам ооруканада жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-мартта ууланып ооруканага түшкөндөрдүн бирөө дарыланууда жана бүгүн 5-мартта дагы бир адам кайрылган. Мында сырткары 9 адамды дарыгерлер көзөмөлгө алуу үчүн ооруканага жаткырышкан.
“Учурда 11 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалдары туруктуу, керектүү дары-дармектерди алышууда. Бүгүн, эртеңден абалдары жакшыргандары чыгарыла баштайт”, – дешти министрликтен.
Белгилей кетсек, кечээ 4-мартта таңга маал Аксы райондук ооруканасына Кара-Суу айылынын 4 тургуну ууланып түшкөн. Алардын үчөө каза болуп бири оор абалда ооруканада жатканы айтылган. Дагы үч адам ооруканага алып келе жатканда каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом