Кыргызстандын курама командасы Түркиядагы каратэ боюнча дүйнө чемпионатында 9 алтын медаль жеңип алдыҮрөнчүлүк жана питомник чарбалары үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталдыКыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскериштиАзия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча үч кыргызстандык балбан финалга чыктыКыргызстандын гуманитардык жардамы Иранга жеттиКыргызстанда 243 миңден ашык адам кредит алууга өзүнө тыюу салды — Улуттук банк
Чычканда жол кырсыгынан 2 киши каза болуп 5 адам жабыркады
12.03.2021 | 10:06
Чычкан капчыгайында жол кырсыгы болуп 2 адам көз жумуп 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 11-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында, Чычкан капчыгайында болгон. Анда “Тоyota Windom” жана “Toyota Previa” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 74 жаштагы жана 32 жаштагы киши көз жумган. Мындар сырткары, 3 киши, 2 аял ар кандай жаракаттарды алып Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.
Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары маркумдардын денелерин унаадан чыгарып милиция кызматкерерине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар