Садыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдүТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даяр
Бишкекте изделген 18 жаштагы кыз кафеден табылды
09.04.2021 | 16:33
Бишкек шаарында изделип жаткан 18 жаштагы Альбина Бапиева шаардын четиндеги кафелердин биринен табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Белгилей кетсек, 8-апрелде саат 8:00дөр чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча дайынсыз болгон Альбина Бапиеваны таап берүүгө милициядан жардам сурап эжеси кайрылган.
Дайынсыз болгон Альбина Бапиеваны Бишкектин четиндеги Ленинский айылындагы кафелердин биринде милиция кызматкерлери көрүп калган. Аны Октябрь РИИБге жеткирилип, аман-эсен жакындарына өткөрүлүп берилген.