Кытайда 13 жыл абакта отурган адам Казакстанга кайтып келди

Кытайда 13 жыл абакта отурган адам Казакстанга кайтып келди

Шинжаңдагы туугандарын Казакстанга кайтарууну талап кылып, узак убакыттан бери нааразылык өткөрүп жүргөн Алматынын тургуну Фарида Кабылбектин күйөөсү Зейнолла Ракыжан 9-апрелде таң эртең менен Кытайдын Чэнду шаарынан Алматыга учуп келди.

Аба майданында аны отузга чукул киши тосуп алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

– Мекениме келгениме кубанычтамын. Эки элдин достугу өркүндөй берсин. Силердин да туугандарыңар чыгат, аларды азыр вирус кармап турат. Баарыңардын туугандарыңарды жакында бошотушат, – деди ал.

Ракыжан Кытайдагы жагдайы тууралуу айтууга ыкыласын билдирген жок. “Сизге бул жакка келерден мурун Кытай бийлиги кандайдыр бир эскертүү бердиби?” деген суроого “жок” деп жооп узатты.

Рахыжан Зейнолла Кытайга 2004-жылы барып, ошондон бери Казакстанга кайта албай жүргөн.

Маалыматка караганда, 58 жаштагы Ракыжан Зейнолла Кытайдын Боро-Тала-Монгол автоном облусуна караштуу Карабука шаарында туулуп өскөн. 2000-жылы үй-бүлөсү менен Казакстанга жер которуп, Алматы облусуна келип турган. 2004-жылы Шинжаңга барган Ракыжан Зейнолланы полиция кармап, жоопко тарткан. Туугандарынын айтымында, аны кытай бийлиги тыңчылыкка айыптап, 13 жылга соттогон. Түрмөдөн чыккан соң саясий лагерде дагы бир жыл отурган. Кытайда да, Казакстанда да мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Майда соода менен алектенген.

Кытайда 1,5 миллионго жакын казак жашайт. Алардын көбү өлкөнүн түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына отурукташкан. Бул аймакта уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын ”лагерлерде” негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.

Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы “тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар” катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>