ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Бишкекте изделген 18 жаштагы кыз кафеден табылды
09.04.2021 | 16:33
Бишкек шаарында изделип жаткан 18 жаштагы Альбина Бапиева шаардын четиндеги кафелердин биринен табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Белгилей кетсек, 8-апрелде саат 8:00дөр чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча дайынсыз болгон Альбина Бапиеваны таап берүүгө милициядан жардам сурап эжеси кайрылган.
Дайынсыз болгон Альбина Бапиеваны Бишкектин четиндеги Ленинский айылындагы кафелердин биринде милиция кызматкерлери көрүп калган. Аны Октябрь РИИБге жеткирилип, аман-эсен жакындарына өткөрүлүп берилген.