Бишкек шаарында 7-апрелден бери изделип жаткан 14 жаштагы Феруза Сыдыкова табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Өспүрүм кыз Бишкек шаарынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, 9-апрелде И.И. аттуу тургун 2007-жылы туулган кызы Сыдыкова Феруза Эрлановна 7-апрелде саат 14:30 чамасында Новосельская көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирип, издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.