ИИМ: Орусияда жасалма документтер менен кармалган кыргызстандыктар көбөйдү

ИИМ: Орусияда жасалма документтер менен кармалган кыргызстандыктар көбөйдү

Орусиянын аймагында жасалма документтерди колдонгон мекендештер кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө таянсак, акыркы убакытта Орусиянын аймагында эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар жасалма ID карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө.

“Биздин кээ бир мекендештер документтерин жоготуп алып, же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен мыйзамдуу жасоодон жалкоолонуп, жасалма документтерди жасатышып жатат.  Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз,  анда сиздин кыймыл-аракетиңизде Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз”, — деп айтылат маалыматта.

Ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда, токтоосуз ошол жердин райондук полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алгандан кийин, Орусиянын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алууга болору эскертилет.

Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учурлар болсо, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылсңыздар болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>