УКМК: Казакстандын жараны З.А. 2,5 млн долларды мыйзамсыз алганы үчүн кармалдыБишкекте 17 жаштагы кыз эркек кишини бычактап, андан кийин өзүнө кол салганБишкекте Ахунбаев көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылдыЖК төрагасы: Парламентти таратуу боюнча келтирилген жүйөлөр негиздүүЫлдамдыкты азайтышпайт. Бишкектин тургуну Салиева көчөсүндө жасалма дөңсөөлөрдүн жоктугуна нараазыБалыкчыда «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуусу салтанаттуу ачылды
Мас болуп унаа башкарган Оштун вице-мэрине 17 500 сом айыппул салынды
30.08.2019 | 10:20
Мас абалында автоунаа башкарган Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго 17 500 сом айыппул салынды. Маалыматты “Репортерге” шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тастыктады.
Буга чейин интернетке “Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов” деген аталыш менен анын мас абалында унаа башкарып баратып, жол коопсуздук кызматкерлерине кармалган видеосу жарыялаган. Тасмада ал ичип алганын моюнга алып, милиция кызматкерлеринен кетип калууну суранып жатаканын жана алар менен кер мур айтышып жатканын көрүүгө болот.
Кийин шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы вице-мэр жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүн айтып, Азимовдун үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом