Бишкекте жол кырсыгынан 4 адам жабыркады – видео

10.05.2021 | 10:20

Бишкек шаарындагы Профсоюзный-Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде 9-майда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ВАЗ 2107 маркасындагы унаанын айдоочусу «АУДИ 100» унаасын сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Scroll to Top