Айпери Медет кызы бүгүн Хорватиядагы дүйнө чемпионатында килемге чыгатӨзү сырдап: Муниципалдык инспекциянын башчысы Бишкектеги граффити менен күрөшүүдөЖК төрагасы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуштуБишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер кеңейетТүркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келетКыргызстандын ИДПсы 8 айда 1 триллион сомдон ашты – Касымалиев
Мектептеги ок атуу. Казанда жабыркагандардын саны 32ге жетти
11.05.2021 | 15:48
Казань шаарындагы мектептеги ок атуудан жабыркагандардын саны 32 адамга жетти. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.
Маалыматка таянсак, 32 жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Ал эми мектепте ок атуу башталганда 714 окуучу, 52 мугалим жана 18 кызматкер болгон.
Бүгүн, 11-майда Казань шаарындагы мектепте ок атылып 11 адам каза болгон. Окко учкандардын көпчүлүгү жаш балдар экени айтылат. Ал эми эки окуучу үчүнчү кабаттан секирип көз жумган.
Мектепте эки өспүрүм ок чыгарган. Алардын бири кармалып, экинчиси атып өлтүрүлгөн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар