Таласта эки өспүрүм 5-класс кызды бир нече ай зордуктаган

Таласта эки өспүрүм 5-класс кызды бир нече ай зордуктаган

Талас облустук соту 16 жаштагы Данияр (аты өзгөртүлдү) жана 17 жаштагы Шералынын (аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим кабыл алды.

Буга чейин Талас шаардык соту Данияр жана Шералыны күнөөлү деп табып, 8 жылга эркинен ажыраткан.

Айыпталуучулар 2020-жылдын июль айында 2008-жылы төрөлгөн жабырлануучу кызды бирнече жолу зордукташкан. Алар анын 2005-жылы төрөлгөн агасын урабыз деп коркутушкан. Айыпталуучулар 2020-жылдын 17-ноябрында 22:00дө Ф. Аттуу өспүрүмдү опузалоо менен жашы жете элек карындашын алып аргасыз кылып, жаш кызды мончодо зордукташкан.

Сотто Данияр, 17-ноябрда Ф. карындашы менен жыныстык катнашта болууну калаагандардан 500 сомдон сураганын, алар аталган каражатты төлөп кезеги менен мончого киргенин айткан. Ошондой эле алгачкылардан болуп Ф. өзү киргенин, андан соң Шералы жана өзү киргенин, бирок мончодо башы айлангандыктан чыгып кеткенин айткан.

Анын айтымында, жабырлануучу менен жыныстык катнашта болгон эмес, ал эми төргөө учурунда ага коркутуу болгон.

Жыйынтыгында Талас облустук соту шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып, айыпталуучулар 8 жылдан эркинен ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>