logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Мектептеги ок атуу. Казанда жабыркагандардын саны 32ге жетти

Мектептеги ок атуу. Казанда жабыркагандардын саны 32ге жетти

Казань шаарындагы мектептеги ок атуудан жабыркагандардын саны 32 адамга жетти. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Маалыматка таянсак, 32 жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Ал эми мектепте ок атуу башталганда 714 окуучу, 52 мугалим жана 18 кызматкер болгон.

Бүгүн, 11-майда Казань шаарындагы мектепте ок атылып 11 адам каза болгон. Окко учкандардын көпчүлүгү жаш балдар экени айтылат. Ал эми эки окуучу үчүнчү кабаттан секирип көз жумган.

Мектепте эки өспүрүм ок чыгарган. Алардын бири кармалып, экинчиси атып өлтүрүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>