Бишкекке Өзбекстанда жасалган 350 автобус сатып алынат

Бишкекке Өзбекстанда жасалган 350 автобус сатып алынат

Шаардык траспорт башкармалыгы менен “Эко жүргүнчү ташуу” компаниясынын ортосунда кызматтыштык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Меморандумга ылайык, “Эко жүргүнчү ташуу” компаниясы үстүбүздөгү жыл аралыгында газ менен жүргөн Өзбекстанда чыгарылган ISUZU япон үлгүсүндөгү 350 экологиялык автобус алып келүүгө милдеттендирилет.

Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 1-июлга чейин жеткирилет.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкекте экологияны жана таза абаны сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ушуга байланыштуу коомдук транспорттун экологиялык түрлөрүн алуу артыкчылыктуу экенин билдирди.

2022-2023-жылдар аралыгында “Эко жүргүнчү ташуу” компаниясы газ менен иштеген, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкташкан 9, 10, 12 метрлүү автобустардын санын 1 миңге жеткирүүнү пландоодо.

Белгилей кетсек, бир ай мурун “Самарканд автомобил заводу” ЖЧК өзбек өнөктөштөр менен жолугуу учурунда аталган меморандумга кол коюу тууралуу макулдашуу жетишилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>