Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекиттиБишкекте Reporter.kg маалымат агенттигинин колдоосу менен «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» сыйлыгынын лауреаттары сыйландыБишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылдыКР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси алмашып, министрлик кызматка талапкер аныкталды
Парламенттин дагы бир комитети Исаковду министирлик кызматка жактырды
10.09.2019 | 14:52
Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети, Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.
Буга чейин парламенттеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети министрлик кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырган болчу.
Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. 50 жаштагы Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.
Билим берүү жана илим министрлигин 2016-жылдан бери жетектеп келген Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматынан алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом