logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Парламенттин дагы бир комитети Исаковду министирлик кызматка жактырды

Парламенттин дагы бир комитети Исаковду министирлик кызматка жактырды

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети, Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Буга чейин парламенттеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети министрлик кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырган болчу.

Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. 50 жаштагы Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.

Билим берүү жана илим министрлигин  2016-жылдан бери жетектеп келген Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматынан алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>