Жайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант берет
Өмүрбек Бабанов камакка алынды
31.05.2021 | 16:12
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
“Мурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги тарабынан, «Кумтөр Голд компани» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда”, – деп айтылат маалыматта.
Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, бүгүн, 31-майда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган.
Белгилей кетсек, буга чейин Кумтөргө байланыштуу сурак берип жатканы кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар