“Погончон айым — 2021” конкурсунун гран-присинин ээси аныкталды — сүрөт

“Погончон айым — 2021” конкурсунун гран-присинин ээси аныкталды — сүрөт

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери “Погончон айым — 2021” конкурсунда гран-приге ээ болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Айзада Максатбекова “Погончон айым -2021” конкурсунда гран-приге ээ болду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Куралдуу күчтөр күнүнө арналып 29-майда Кыргыз мамлекеттик цирктин имаратында өттү.

“Түндүк-Чыгыш бажысынын юридикалык иштер боюнча бөлүмүнүн инспектору, бажы кызматынын кенже лейтенанты Айзада Максатбекова жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, жеңишке ээ болду”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле конкурска ӨКМ, ЖАМК, МЧК, ИИМ жана ИИМ Академиясынын өкүлдөрү катышышып, бардык катышуучулар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>