Таласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылат
Бабанов Кумтөргө байланыштуу сурак берүүдө
31.05.2021 | 15:04
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу “Репортёрго” өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, ал Кумтөргө байланыштуу чакыртылган жана камакка алынышы мүмкүн.
Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан Бабановго жана ага байланышы бар коммерциялык структураларга карата козгогон кылмыш иштери токтотулган. Мындай чечимдин кабыл алынышына Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок экени себеп болгон. Ошондой эле Бабанов өлкөнү колдоо максатында ыктыярдуу түрдө мамлекетке 100 миллион сом төккөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар