Соттук-эксперттик кызмат жана УКМК жаңы криминалистикалык жабдууларды алыштыНоокатта УКМК кызматкерлерине кызматтык батирлердин курулатИри түркиялык ишканалар «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушуна кызыкдарЖапаров Борбор Азияны терроризмге каршы биригүүгө чакырдыКыргызстандын курулуш министрлигинин кара тизмесине 44 компания киргизилдиБолотбек Борбиев АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулду
Дөөлөт Сыдыков Москвада беш күн, беш түн “Манас” айтат
30.08.2021 | 15:32
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында беш күн, беш түн “Манас” айтат. Бул тууралуу манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өтөт.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат.
Ал буга чейин 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай “Манас” айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий катталган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы