Кыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайыСадыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштады
Контрабанда менен Тажикстанга көмүр ташыгандар кармалды
17.09.2021 | 15:40
Кармалгандар Кыргызстандан Тажикстанга эч кандай уруксат кагаздары жок 15 тонна көмүр алып бараткан. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма-сөз кызматы кабарлады.
Маалыматт айтылгандай, УКМК га караштуу Чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткен облусунун Лейлек районундагы Майты айылында “Мерседес” жана MAN үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унааны токтоткон. Айдоочулар качып кетүүгө аракет кылып, чек арачылардын эскертүү ирээтинде аткан огунан кийин токтошкон.
Айдоочулар жана жүк тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом