Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты
Кыргызстандын ички карызы 611,1 млн сомго өстү
27.09.2021 | 11:05
Ушул жылдын 24-сентябрына карата мамлекеттик казына векселдери жана облигациялары аркылуу Кыргызстандын ички карызы 59 миллиард 788 миллион 672,1 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар Улуттук банк тарабынан берилди.
Ошол эле учурда 17-сентябрга карата 59 миллиард 177 миллион 572,1 миң сомго бааланган. Муну менен 17-сентябрдан бери ички карыз 611,1 миллион сомго өстү.
Белгилей кетсек, республиканын ички карызынын өсүшү векселдер аркылуу да 41,1 миллион сомго, облигациялар 570 миллион сомго көбөйгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика