Абиров катышкан мушташ. Жогорку Кеңеште комиссия түзүлдү (курамы)

15.03.2023 | 12:13

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун депутат Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин кароо боюнча атайын комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына тогуз депутат кирди.

– “Ыйман Нуру” фракциясынан Замирбек Мамасадыков,

– “Бүтүн Кыргызстан” – Айгүл Айдарова,

– “Ишеним” – Бахридин Шабазов,

– “Ата-Журт Кыргызстан” – Медер Саккараев,

– “Мекенчил” депутаттык тобу – Жусупбек Коргонбай уулу,

– «Альянс» – Фархад Алимжанов,

– “Ынтымак” – Мурадил Сыдыков,

– “Элдик” депутаттык тобу – Бактыбек Чойбеков,

– Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени кабарланган. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Ур-тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер жабырлануучу кандай жаракат алганын Reporter.kg’ге айтып берген.

13-мартта бул окуя боюнча президентке кабар берилип, президент ИИМге окуяны дыкат иликтөөнү тапшырган.

Ошол эле күнү ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлерин сабоо фактысына байланыштуу эки адам кармалган.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top