Абу-Дабиге учуу арзан. Депутат ички аба каттамдын баасына нааразы

15.06.2023 | 15:07

Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров ички каттамдардын билеттери калк үчүн өтө кымбат болуп жатканын айтып, бааны көзөмөлдөөнү өтүндү.

Анын айтымында, Бишкек — Ош аба каттамына билет 3900 сом турат.

“Мисалы, Өзбекстанда ички каттамдарга авиабилеттер 8-20 доллар турат. Бул 1 миң 780 сомду түзөт. Ташкент – Абу-Даби каттамы боюнча билет 22 доллар, ал эми Бишкек – ​​Абу-Даби 49 доллардан, башкача айтканда 4 655 сомдон. Ошко караганда Абу-Дабиге учуу арзан, билеттин баасында бирдей эле болуп жатат”, – дейт ал.

Өмүрбек Бакиров белгилегендей, унаа жолдордо кырсыктар көп болуп жаткандыктан, адамдар учактарды колдонууга аракет кылышат. Бирок, билет баасы кымбат. Ал туристтик сезондо Ош, Жалал-Абад жана Баткенге каттамдардын баасын төмөндөтүүнү сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top