Бишкекте тургун үйүнүн короосунда кара куурай өстүрүп жүргөн (сүрөт)

Бишкекте тургун үйүнүн короосунда кара куурай өстүрүп жүргөн (сүрөт)

Бишкекте шаар тургуну үйүнүн бакчасында кара куурай өстүрүп жүргөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренеси (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан 13-июнда Бишкектин Ч.Б. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада үйдүн короосунан ири өлчөмдө өстүрүлгөн кара куурай табылган.

«Өстүрүлгөн кара куурай бадалдары белгиленген тартипте алынып, контролдук таразага ылайык, баңгизаты бар өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 130 кг болду. Учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

УКМК курамында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү кылмыш болуп саналарын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>