Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Адахан Мадумаров мандатынан айрылды
26.04.2024 | 17:03
Борбордук шайлоо комиссиясы Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты. Бул боюнча чечим бүгүн кабыл алынды.
Эл өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга БШКнын мүчөлөрү бир добуштан макул болушту.
Жыйынга катышкан прокуратуранын өкүлү Мадумаров кечээ соттун чечимин колуна алганын, даттанууга анын дагы 30 күн убакыты бар экенин айтты.
Белгилей кетсек, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана бийликтен аша чабуу айыбы менен күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген жок.
Мадумаров андан ары даттанбай, соттун өкүмүнө макул болсо, ал депутаттык мандатынан айрылат.
Саясатчы 2023-жылдын сентябрь айында кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом